Күлдүр мамай

Википедия дан

Күлдүр мамай (уйгурча гүлдүр мама добуул, чагылган) — мылтыктын аты. Кыргыз, казак элдеринде алыска атылуучу жана үнү добулдай күркүрөп угулган мылтыктын (кээде замбирек) энчилүү аты катары айтылган. Сагымбай Орозбаков вариантында мындайча эскерилет. «Жазайылды жаткырып, Күлдүр мамай мылтыкты, Күркүрөтө аттырып» (Сагымбай Орозбаков, 1. 217).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4