Күл Азык

Википедия дан

Күл Азык — көпкө бузулбай турган алыскы жолго арналып жасалган кыргыз элинин байыркы тамак-ашынын бир түрү. К. а-тын негизи эттен (жылкынын, уйдун, койдун, кийиктин жана башкалар) турган. Союлган малдын (кайберендин) эти бышырылган соң нарын сыяктуу майда тууралган же кургатылып, сокуга жанчылган же жаргылчакка тартылган. Андан кийин майдаланган эт эки жолу (биринде өзүнүн майына, экинчисинде ун же талкан аралаштырылып, туз салынып) куурулган. «Манас» эпосунда чагылдырылган К. а. узак сапарга, ууга, казатка аттанган жоокерлердин тамагы катары сүрөттөлөт. "Манас" эпосунда К. а. адамдар үчүн гана эмес аттар үчүн да мээр чөптөн чакан көлөмдө жасалары айтылат. Эпостун төмөнкү саптары буга мүнөздүү:

Кагылайын уулдар

Ала жүрсөң күл азык,

Атка берер мээр чөп,

Каран күн башка түшкөндө

Кереги мунун тиет деп

Кудус менен Мысырдан

Муну койбой чалдырган

Бармактайын чайнаса

Адамдын мээрин кандырган,

Беш талын катып чайнатса

Тулпардын суусун кандырган,

Шири капка бекитип

Бүктөп берген эмеспи (Саякбай Каралаев, 2. 175).

Айрым этнографиялык маалыматтарда К. а. бөлөк азыктар кошулуп да даярдагандыгы айтылат. Муну В. В. Радлов «Манас» эпосу менен кошо жарыялаган «Жолой кан» аттуу өзүнчө фольклордук чыгармадан ачык-айкын көрүүгө болот. Мында Жолой баласы Болот менен жолго чыгаардын алдында аларга К. а. камдалып берилет. Ошол дастандагы К. а-тын даярдалышы төмөндөгүдөй баяндалат:

Миң бээнин эттерин

Каптыгадай тилдим дейт,

Алты күнү туска бөлөдүм,

Дүүм жемиштен талкалап туруп,

Эт үстүнө септим мен,

Күнгө как кургаттым,

Тегирмен салдым мен,

Чери чары болот деп,

Торко элекке эледим,

Келе соку кылдырдым,

Келин кыс чогултуп

Сокулатып алдым мен,

Капчык ичине салдым (Радлов жазып алган вариант 549—550). Мындай К. а-тын бир эле кашыгын ысык сууга салып эритип ичкенде адамга кадимкидей кайрат берип, ток туткан. Мисалы, Радлов жазып алган вариантта Жолойдун келини жолго чыгып жаткандарга К. а. менен кошо куржунга кол казанды кошо салып берип, кайнатасына мындай дейт:

Тамак керек болгондо,

Жер очокту кассын де!

Аста отту жаксын де!

Ченеп уч колдун башы менен

Чымчып мындан алсын де,

Казанга акырын сээп койсун де,

Кашык менен айлантып,

Сактап олтурсун де! (Радлов жазып алган вариант 500). Контекст илгерки убактарда кыргыздардын К. а-ты кеңири колдонгонун айгинелеп турат. Мындай фольклордук материалдар К. а-тын технологиясын «калыбына» келтирүүгө чоң жардам бере алат. "Манас" эпосунда чагылдырылган К. а. жөнүндөгү маалымат анын кыргыз элинин турмушунда орун алып келгендигин көркөм формада көрсөткөн. К. а-ка окшош тамак-аштын түрү алтай элинин эпосу «Алып-Манашта», тувалыктардын «Бокту-Кириш» жана «Бара-Шээлей» аттуу дастанында да айтылгандыгы белгилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4