Күл азык -

Википедия дан

Күл азык - узакка сакталуучу тамак, кыргыздын байыркы тамагынын биринин аталышы. Күл азыкты сапарга же аскердик жүрүшкө чыгаар алды даярдашкан. Күл азыктын негизин кой, уй жана кийиктин эттери түзгөн. Союлган малдын эти бышырылып, туурасынан жука кесилип, кургатылып, сокуга күл майда талкаланып, андан соң жаргылчакка тартылат. Даярдалган эт сызгырылып, сызыгы таза алынган майга салынат да, ал кайнаар замат ун кошулуп, кызарганча куурулат. Суугандан кийин жакшы иштелген карынга салынат. Күл азык узак сапарга, аскердик жүрүшкө, аңчылыкка чыгаарда даярдалган. Күл азык - көчмөнчүлүккө жана аскер турмушуна ыңгайлашкан кыргыздарда байыртадан белгилүү тамак.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]