Күмүшбек кызы Алтын
Күмүшбек кызы Алтын (1886-1977) - Оймочу. Сокулук районунун Жыламыш айылында төрөлгөн.
Үй-бүлөсү жапырт көркөмдүк дүйнөсүнө умтулат. Алтын уздукка өтө жаш кезинен талаптанат. Төтөн, анын жүзү кийиз оюмдарынан ачык билинет. Анын уздугу «Алтын оюму» деген атта тараган. Жасаган буюмдары Сокулук, Аламүдүн райондорундагы Жыламыш, Кара Сакал, Шалта, Асылбаш, Таш-Дөбө, Жаңы-Арык өңдүү айылдарда көп жолугат. Учурунда баса отуруп узданган. Анын уздук өнөрү кийиз оюму менен кездеме көчөтүнө тең жаралгандай сезилет. Алтын өзүнүн бүт ыкмасында көбүнчө «кочкор мүйүз оюмду» негиз тутуп, оюм учтарын укмуштай так, таза, дал өзүңцөй көрктүү чыгара алган. Уздун оюмдарынын бөтөнчөлүктөрүнүн бири - ал көркөмдүктү төптүштүрө, ич ара айкалыштыра берип, анда бир бүтүм ой, ыргактуу обон жарата билгендигинде. Анын эч жерде учурабаган кийиз оюмдарына атактуу зергер Кызгараев Кошалы да тең берген. Чынында эле «Алтын оюм» кубулма сызыктанып кетет. Аны «айкаш оюм» десе да болот. Учурунда уздун атасы Күмүшбек да чоң өнөрпоз болгон. Ал балдарына атайын өнөр жугузуш үчүн элдик таланттарды чакырып, аларды үйүнө байырлатуучу экен. Алтындын бир тууганы Сыдыктын жалпы эле көркөм кол өнөрчүлүгү, анын ичинде көркөм оюм жаратуу кудурети замандаштарына беш колдой дайын. Анын андай чыгармачылыгы күмүш бетине түшүрүүгө да шартташкан. Сыдыктын оймочулугун бүгүнкү муундар үчүн зергерчиликтин өзүнчө мектебин түзүп кеткен улуу уста Кызгара Турдубай уулу да баалаган экен. Алтындын шакирти Күлүкан уз жараткан шырдактар айыл ичинен азыр да арбын жолугат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0