Күмүштак бор кени

Википедия дан

Күмүштак бор кени Талас районунда, Бакай-Ата кыштагынан 25 км түштүктө, деңиз деңгээлинен 2200 м бийиктикте. 1977-ж. табылган. Бор рудалары күмүштак интрузиясынын түндүк-батыш бөлүгүнүн экзоконтактысы менен байланышкан, ал жерде аксинит, кээде датолит менен минералдашкан акиташтуу скарн кездешет. Бор ангидритинин өлчөмү датолиттүү скарнда 3–13%, аксиниттүү скарнда – 1,95 – 3,25%ти түзөт. Кээ бир руда линзаларынын калыңдыгы 75–100 м, узундугу 200 м. Бор кармап турган рудалардын болжол ресурсу 1 млн м3 түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]