Күмүштак күмүш кени

Википедия дан

Күмүштак күмүш кени - Талас облусунун Бакай-Ата районунда, Талас Ала-Тоосунун түндүк капталында, Күмүштак суусунун алабында, деңиз деңгээли 2600—3000 м бийикте. Кен 1934-ж. ачылган. 1978—84-ж. издөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн. Кендин аймагында узундугу 50-70 мге жеткен кен казып алган байыркы издер кезигет. Кендин геологиялык түзүлүшүнө акыркы рифейдеги алевролит катмарчасынан турган акиташ, кумдук гаризонттору жана кызыл түстүү алевролиттер катышкан. Бул эки түрдүү катмардын жантайган чек арасы менен кварц-мангано-сидерит кени байланышкан. Калыңдыгы 0,4-3,1 м, узундугу 230-740 м болгон онго жакын катталышкан тулкулар бөлүнгөн. Негизги минералы – күмүштүн сульфоантимонити. Кенташтагы күмүштүн орто өлчөмү 203-269,4 г/т. С2 категориясы боюнча запасы 1484 миң т, болжолдуу ресурсу 6260 миң т. Күмүш – 301,6 т, болжолдуу ресурсу 1686,9 т. Кенден сурьма, коргошун, висмут, жез, цинк, мышьяк, күкүрт алууга болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]