Күнгөй-Кожоке, Ноокат району

Википедия дан

Күнгөй-Кожоке, Ноокат районуОш облусунун Ноокат районундагы кыштак. Н. Исанов атындагы айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээли 1440 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат шаарынан 20 км түштүк-чыгыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 62 км. Калкы 3985 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, медпункт бар. Кыштакка жакын балдар эс алуучу жайлар жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]