Күндүн узун-кыскалыгы

Википедия дан
Күндүн узун-кыскалыгы (Апрель‎).

Күндүн узун-кыскалыгы - Күн чыккандан батканга чейинки мезгил; ал убакытта Күн горизонттун үстүндө болот.

Күндүн узактыгы жердин географиялык кеңдигине жана Күн орбитасынын экватордук тегиздикке жантайышына жараша болот. Жердин экваторунда күндүн узактыгы жыл мезгили боюнча дайыма туруктуу болуп, 12 саатка барабар. Күндүн жантаюусу оң болгондо (жазында, жайында), Түндүк жарым шарда күндүн узактыгы 12 сааттан көп, ал эми Күндүн жантаюусу терс болгондо (күзүндө, кышында) 12 сааттан аз болот. Жердин уюлдарында күндүн узактыгы түндүн узактыгына барабар, Күндүн жайкы токтолушунда (22-июнь күн өтө узак, кышкы токтолушунда 22-декабрь) өтө кыска болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2