Күндөрдүн аталышы
Кыргызча күдөрдүн аталышы төмөндөкүдөй:
Бир аптада 7 күн:
| ISO | Кыргызча | Түркчө | Орусча | Англисче |
|---|---|---|---|---|
| 1 | Дүйшөмбү | Pazartesi | Понедельник | Monday |
| 2 | Шейшемби | Salı | Вторник | Tuesday |
| 3 | Шаршемби | Çarşamba | Среда | Wednesday |
| 4 | Бейшемби | Perşembe | Четверг | Thursday |
| 5 | Жума | Cuma | Пятница | Friday |
| 6 | Ишемби | Cumartesi | Суббота | Saturday |
| 7 | Жекшемби | Pazar | Воскресение | Sunday |
Күндөрдүн аталышынын мааниси
Фарс тилинде "шанбе" сөзү - "күн, аптанын күнү" деген маанини билдирет. Кыргыз тиленде уңгусу "шемби" деп жана ар бир сөз мүчөсүнө кошулганда уңгусу өзгөргөн:
| шанбе | күн | и - шемби |
| йакшанбе | (йак – бир, шанбе) | жек - шенби |
| душанбе | (ду – эки, шанбе) | дү - й - шөнбү |
| сешанбе | (се – үч, шанбе) | ше - й - шемби |
| чоршанбе | (чор – төрт, шанбе) | шар - шемби |
| бешшанбе | (беш – беш, шанбе) | бе - й - шемби |
Жума күнү араб тилинен алынган жана "чогулуу" дегенди билдирет. Жума күнүн өзгөчөлүгү жана баалуулугу Ислам дининде кеңири баяндалган.[1] "Жума күнү Жума намазын мечиттерде жамаат менен окуп, жараткандын алдында милдеттерин аткаруу чоң ибадаттардын бири болуп эсептелет."[2]
Апта күндөрүн башкача кандай айтып колдонобуз
Биринчи, экинчи, үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, алтынчы күн деп жана Жекшемби күнүн (7-күндү) кееде "базар" күн деп да айтылат, түрк тилинен "pazar" - базар, аларда "pazar günü" дешсе биз базар күнү деп колдонобуз. Чынында базарга барсаң эл толуп, соода сатык дүркүрөп турган күн.
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Жума күнү, өзгөчөлүгү жана ыйыктыгы.
- ↑ Аптанын жума күнүн дем алыш катары белгилөө боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкты(жеткиликсиз шилтеме), 12/03/2013.