Күнүмдүктөр

Википедия дан
Rhithrogena germanica

Күнүмдүктөр (Ephemeroptera) — муунак буттуулар тибинин курткумурскалар классынын бир түркүмү. Күнүмдүктөр өтө байыркы жандыктар тобуна кирет. Өтө жөнөкөй түзүлүштүү канаты бар, узундугу 2—40 ммге жетет. Алдыңкы канаты арткысынан чоңураак. Кээ биринин арткы канаты болбойт. Курсагынын арткы бөлүгүндө 3 куйрук жипчеси бар. Анын имагосу азыктанбайт, оозу толук жоюлган. Ичегилери аба капчыкчасына айланган. Күнүмдүктөр өтө жай учат. Күнүмдүктөрдүн дүйнө боюнча 2000ден ашык түрү белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө 200дөн ашык түрү тараган. Негизинен суу жээгинде кездешет. Имагосу бир күндөн бир нече күнгө чейин жашайт. Толук эмес өөрчүү жолу менен көбөйөт. Уруктандыргандан кийин эркеги өлөт, ургаачысы бир нече миң жумурткасын сууга тууйт. Тирүү туучу түрлөрү да кездешет. Күнүмдүктөр 3 жылда 25тей жолу түлөп, имагого айланат. Күнүмдүктөр — балыктын негизги азыгы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]