Күн батареясы
Күн батареясы — Күн нурунун энергиясын түздөн-түз электр энергиясына өзгөртүүчү жарым өткөргүчтүү фотоэлектр генератору. Күн батареясы констр. түзүлүшү боюнча Күн элементтеринен (КЭ) турган жалтырак кабык менен капталган жалпак панел түрүндө болот.
Селенден жасалган алгачкы Күн батареясы 1920-жылдарда пайда болгон. КЭнин саны бир канча жүзгө, панелдин аянты ондогон м2, чыңалуусу ондогон Вко, кубаттуулугу ондогон кВтка жетет. Жарым өткөргүчтүү материалдардын (кремний кристаллы) эки катмарынан турат жана жарык экинчи бөлүктүн чегине чейин жетип, электрондорду кыймылга келтирип, ток пайда кылыш үчүн үстүнкү катмары жука болуш керек. Күн батареясы — космосто учуучу аппараттардын өзүнчө электр энергиясын алышынын негизги булагы. Ошондой эле орбитанын көлөкө бөлүгүндө колдонулуучу электр химиялык аккумуляторлорду заряддайт. Жерде көчмө радиостанцияда жана радио кабыл алгычта энергия булагы катары колдонулат. Күн батареясынын жалпак же ичин көздөй кабырылган панели — күн коллектору. Ал — ийилчээк кара түтүктөрдүн, үй чатырына жылан сымал орнотулган ысык суу менен камсыз кылуучу системанын жакшыртылган түрү.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9