Күн күркүрөө

Википедия дан

Күн күркүрөө — атмосферада чагылганды коштоп чыккан добуш. Чагылган жолунда басым жана температура өтө тездик менен жогорулап, абанын термелишинен күркүрөө пайда болот. Узакка чейин жаңырык болуп, ал адатта 15—20 км аралыкка чейин угулат. Чагылгандын огу узун болгондуктан, анан ар кайсы бөлүгүндөгү үн кишиге бир убакта жетпейт, ошондой эле үндүн булуттан чагылышынан Күн күркүрөөнүн жаңырыгы бир топко созулат, үндүн добушу да түрдүүчө болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]