Күн тартиби

Википедия дан

Күн тартиби[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күн тартиби өспүрүмдөр менен жаш балдардын күн тартиби баланын туура өсүшүнө, саламаттыгын чыңдоого, эрктүүлүккө тарбиялоого, тартипке үйрөнүүгө көмөктөшөт. Күн тартиби баланын ден соолугуна, жашына жана анатомия-физиологиялык өзгөчөлүгүнө жараша түзүлөт. Анда ар кандай иш аткаруунун, уйку менен эс алуунун, анын ичинде, таза абада сейилдөө мөөнөтү, убагында тамак ичүү, өздүк гигиена эрежелерин сактоо белгиленет. Күн тартибин сактоого баланы төрөлгөндөн тартып көндүрүүгө болот: белгилүү бир убакта уктоого, тамактанууга, ойноого, сейилдөөгө жана башка үйрөтүү керек. Бул баланы багууну гана жеңилдетпестен чоңойгон сайын тартипке, тыкандыкка үйрөтөт. Бала 1,5—2 жашында күндүз бир маал уктоого өтөт, таза абада болуу аба ырайына жараша 3—4 саатка созулат. Күн сайын эртең менен тамактангандан 1 —1,5 саат өткөндөн кийин дене тарбиясына машыктыруу зарыл.

Физиологдор менен гигиенисттердин изилдөөлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Физиологдор менен гигиенисттердин изилдөөлөрүнөн баланын организми эртең менен жумушка абдан ишкердүүлүгү байкалган. Ошондуктан мектеп жашына чейинки балдарга татаал иштерди (сүрөт тартуу, пластилинден сомдоо, кайчы менен кесип иштөөнү жана башка) эртең менен үйрөтүү керек. Сабак учурунда баланын отуруусуна көз салуу зарыл, стол менен көздүн аралыгы 30—35 см болууга тийиш. 3—4 жаштагы балдарга 1 сабак, андан улуураактарына тыныгуу менен 2 сабак өткөрүлөт. Түштөн кийин сабактын убактысын азайтып, көбүрөөк ойнотуу оң.

Гимнастика[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мектеп жашына чейинки балдардын күн тартибине сөзсүз эртең мененки гимнастика, кыймылдуу оюндар, негизги кыймылдарды көбөйтүүгө багытталган дене тарбия машыгуулары, басуу, чуркоо, бийикке жармашып чыгуу жана башка киргизилүүгө тийиш. Бул мезгилде баланы сууда сүзүүгө, коньки, лыжа, велосипед тебүүгө үйрөтө баштоо керек. 3 жаштан ашкан балдардын тамактануусу чоңдордукунан анча деле айырмаланбайт. Витамин, белок, углевод жана башка керектүү заттардын жеткиликтүү өлчөмдө болушу зарыл.

1 -таблица

Кенже жана орто мектеп жашындагы балдардын болжолдуу күн тартиби




2-таблица

Өспүрүмдөрдүн болжолдуу күн тартиби




Тамак-аш жана гигиена тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Балага өтө кызыл чай, кофе берүүгө, тамагына ачуу татымал кошууга болбойт, күчтүү сорпо, шоколад, пирогдор, цитрус жемиштерин ченеп берүү керек. Күндүзгү тамакты сейилдеп келгенден 30 мүнөт өткөндө, кечкисин жатардан 1 —1,5 саат мурда ичүү керек. Баланы гигиеналык адаттарга көндүрүү зарыл: өзү жуунууга, тишин тазалоого жана башка 6 жашка чейин бала күндүз бир маал уктоого тийиш. Ата-эне баланы уктоого акырындап даярдап, ойноп келгенден кийин, уктар алдында тынчытып, кечинде жуунуп тазалануусуна жана башка көз салуулары тийиш. Уктарда бөлмөнү жакшылап желдетүү керек.
Баланын мектепке барышы анын турмушундагы бурулуш учуру болуп саналат. Ата-эне менен педагогдун милдети — алардын алдында турган кыйынчылыктарды мүмкүн болушунча жеңилдетүү. Сабактардын белгиленген өлчөмдөн көбөйүп кетиши, окуу, эс алууда күн тартибинин жоктугу, күч эмгеги менен кыймыл-аракеттин аздыгы мектеп окуучусунун нерв системасын жабыркатып, организмди чарчап-чаалыгууга жана начарлоого алып келет, ар кандай ооруга туруштук берүүсүн төмөндөтөт. Баланы үйдө сабакка даярдануу убактысын бөлүштүрүүгө үйрөтүү маанилүү: ар бир сабакты даярдоонун ортосунда 10—16 мүнөт тыныгып, көздү эс алдыруу керек.

Сабак тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сабакка даярданууну жазуу иштеринен баштап, анан оозекисине өткөн оң. Адегенде анча татаал эмес тапшырманы аткарып, андан соң эң оорун, акырында эң жеңилин аткаруу максатка ылайык. Мектеп окуучулары таза абада эс алуусу керек. Сейилдөө, ойноо күнүнө үч сааттан кем болбой, анын жарымы мектептеги жана үйдөгү чарбактардын арасындагы тыныгууга кирүүгө тийиш. Организмдин күч-кубатын жана ишке жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүүдө уйкунун мааниси зор. 7—10 жаштагы балдар 10—10,5 саат, өспүрүмдөр 8—9 саат уктоо керек, антпесе алардын ишке жөндөмдүүлүгү 30%ке төмөндөйт. Уйкусу дайыма канбаган балдар акыл эмгегинен чарчаган сыяктуу эле, ачуулуу, унутчаак, орой болушат. Мектеп окуучулары саламаттыгына зыян келтирген, уйкунун бузулушуна алып келүүчү ашыкча күч келтирүүлөрдөн качуулары зарыл.
Мектеп окуучуларынын күн тартибинде тамактанууга чоң көңүл бурулууга тийиш. Туура тамактануу (4—5 жолу) анын аң-сезиминин жана күч-кубатынын ойдогудай өсүүсүндө өтө маанилүү. Айрыкча, сүт жана андан даярдалган тамак-аш пайдалуу, анткени, анда белок, май, кальций туздары, витаминдер бар; ар күнү бала 400—500 г сүт ичүүгө тийиш. Бала кечки тамагын уктардан 1 —1,5 саат мурда ичүү керек. Ата-эне балдарга денени чыңдоо жагынан да тарбия берип, бала ар күнү эртең менен гимнастика жасоону адатка айландыруусуна жетишүү зарыл.
Мектептен, класстан тышкаркы иштерге (каалоосу боюнча) убакыт сабактардын көлөмүнө жараша бөлүнөт. Мектеп окуучуларынын каникулу менен дем алыш күндөрүн жакшы уюштурууга ата-энелер айрыкча көңүл буруусу тийиш. Күн тартибинин негизги элементтерин (уктоо, тамактануу жана башка) кадимки күндөгүдөй эле калтырып, таза абада көп болуп, жүрүшкө, экскурсияга чыгып, театр, музейлерге барууга көбүрөөк убакыт бөлүү керек. Дем алыш күндөрү бала уйкусу канганча уктоого тийиш.


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8