Күчала

Википедия дан

Күчала — седеп топчу сыяктуу ак даны бар көп жылдык уулуу өсүмдүк. Орто Азия элдеринде дары жана уу катары байыртадан бери кеңири колдонулуп келген. Кыргыз дарыгерлери К-ны сууга кайнатып, кымызга, бозого ачытып, узак оорудан күч-кубаты начарлагандарга, эски ооруларды дарылоого жана жалпы эле көңүл көтөрүү үчүн пайдаланышкан. "Манас" эпосунда К. күчтүү ачыткы, күчүн жогорулатуу максатында колдонулганы баяндалат. «Күчү кайтып калат деп, Күчала туурап салдырган, Алдырып келип арагын» (Сагымбай Орозбаков, 2. 428). «Күчтүү болсун арак деп, Күчаладан салыптыр» (Сагымбай Орозбаков, 2. 252). Аңчылыкта карышкыр, түлкү ж. б-ды ууктуруу үчүн да колдонулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4