Күүгүм

Википедия дан
Күүгүм.

Күүгүм, иңир — күн баткандан кийин атмда байкалуучу оптикалык кубулуш; күндүзгү жарыктан түнкү караңгылыкка акырындык менен өтүү мезгили. Күүгүмдүн узактыгы күн баткандан жасалма жарыкты күйгүзгөнгө чейинки убакыт аралыгы менен аныкталат; ал экваторго жакындаган сайын кыскарып, жердин географиялык кеңдигине жараша болот. Күүгүмдүн граждандык (Күндүн горизонттон 6° кеңдикке чейин батышы), навигациялык (6°тан 12° ка чейин), астрономиялык (12°тан 18°ка чейин) түрлөрү болот. Жайында (июнда) жогорку кеңдиктерде (Түндүк жарым шарда) күн бир топко чейин туруп, кечки Күүгүм таңкы шоола менен кошулат, буурул түндөр байкалат. Мындай окшош кубулуштарды Түндүк жарым шарда кышында (декабрда) байкоого болот. Кыргыздарда күн чыгар алдындагы Күүгүм — таңкы шоола, таңкы мунарык же үрөң-бараң, үрүлбүрүл деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]