Күүгүм (тасма)

Википедия дан

"Күүгүм" (англ. ) - 2008 жылы атактуу жазуучу Стефани Майердин "Күүгүм" романынын негизинде тартылган тасма болуп эсептелет. Тасманын режиссеру Кетрин Хардвик, ал эми башкы ролдорду Кетрин Стүарт менен Роберт Паттинсон аткарышкан. Бул "Күүгүм. Сага" сериясынын алгачкы тасмасы. Бул тасма Белла Свон (өспүрүм кыз) менен Эдвард Каллендин (вампир) ортосундагы мамиленин өнүкгүшүн, Эдвард жана анын үй-бүлөсүнүн Белланы башка вампирлердин тобунан куткарууга багытталган иш-аракеттерин баяндайт.

Бул долбоор болжол менен Парамаунт Пикчерсте үч жылдын ичинде иштелип чыккан, жыйынтыгында тасманын сценарийи романдын маанисинен кыйла айырмаланат. Долбоордун үч жыл дымып өнүгүүсүнөн кийин анын укуктарына Саммит Интертеймент ээ болгон. Мелисса Розенберг 2007-2008 жылдары болгон Америка Жазуучулар Союзунун мүчөлөрүнүн забастовкасынын алдында романдын жаны адаптациясын жазып чыккан, ал роман менен сценарийдин мааниси абдан жакын болушуна умтулган. Негизги сүрөт тартуу 44 күн алып, 2008-жылдын 2-майында аяктаган, тасма негизинен Орегон штатында тартылган.

Күүгүм 2008 жылдын 21 - ноябрында экранга жарыкка чыккан жана дүйнө жүзү боюнча 393 миллион доллар чогулткан. 2009 - жылдын 21-мартында DVDге чыккан жана ошол жылдын эн көп сатып алынган DVDси болгон. Тасманын саундтреги 2008-жылдын 4-ноябрында жарык көргөн. Тасманын ийгилигинен кийин, тасманын кийинки сериялары болуп "Жаны ай" жана "Кун менен Тундун тутулушу" тасмалары кийинки жылдары тартылган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]