Күүдүрөк

Википедия дан
Kalidium caspicum.

Күүдүрөк (лат. Kalidium) – шакардуулар тукумундагы өсүмдүк уруусу. Бийикт. 15-75 см болгон жарым бадалча. Жалбырактары сапсыз, түрпүчөдөй майда же өөрчүбөй калган. Гүлү 3төн биригип, түрпүчөдөй гүл жан жалбырак колтугуна жайгашкан. Тоо этегиндеги, адырлардагы, көлмө жээгинде шорлуу жерлерде топтолуп өсөт. Жер шарында 4, Кыргызстанда 3 түрү белгилүү. К. бардык түрүндө туз, поташ, сода бар, эл арасында самын кайнатууда кеңири колдонулган. Майда малга жана төөлөргө эрте жазда жана күзүндө тоют чөп. Куурап калган кезинде отун катары да пайдасы бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]