Көбөйтүү

Википедия дан
Көбөйтүү.

Көбөйтүү ― ар кандай эки чыныгы сан боюнча үчүнчү чыныгы санды табуучу арифметикалык амал. Мисалы, aˑb=c, a, b — Көбөйтүүчүлөр, c — көбөйтүндү; демек, a санын b санына К. а санын өзүн өзүнө b жолу кошуу дегенди билдирет. Көбөйтүү амалы × менен белгиленет жана а×b же а b деп жазылат. C барабардыгы менен аныкталат. Эки рационалдык санды Көбөйтүүдө абсолюттук чоңдугунун көбөйтүндүсүнө барабар болгон жана эки Көбөйтүүчү тең бирдей белгиде болсо, анда плюс (+), түрдүү белгиде болсо, минус (—) белгидеги сан алынат. Иррационалдык сандарды Көбөйтүү аларды рационалдык жакындатуунун жардамы менен эсептелет. Комплекстик сандарды Көбөйтүү төмөнкү барабардыкта аткарылат: (a+bi)(c+di)=ac—bd+ +(ad+bc)i ж. б. Сандарды Көбөйтүү төмөнкүдөй касиеттерге ээ: ab=ba орун алмаштыруу мыйзамы; abc = =( ab)c = a(bc) топтоштуруу мыйзамы; а(Ь+с)=аЬ++bc, бөлүштүрүү мыйзамы жана а.0 = 0; а.1= а.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]