Көгайгыр көрүстөнү

Википедия дан

Көгайгыр көрүстөнү – неолит дооруна (биздин заманга чейин 6–5-миң жылдык) таандык археологиялык эстелик. Чатыркөлдүн чыгыш тарабында, Көгайгыр суусунун тектиринде жайгашкан.

1963-жылы Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Геология институнун Нарын отряды (жетекчиси Ш. А. Кыдыров) тарабынан ачылган. В. А. Ранов изилдеген. 3 таштын чордону, таштан жасалган кыргыч курал, таш чамындылары табылган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз тарыхы” Бишкек 2003. “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору” “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик тил Педагогикалык университети”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]