Көгөөндөр

Википедия дан
Tabanus sudeticus

Көгөөндөр (Tabanidae) — курт-кумурскалар классынын кош канаттуулар түркүмчөсүнүн тукуму. Жаныбардын канын соруп жашоого ыңгайлашкан. Көзү чоң, муруту үч бөлүктүү. Башы кыска, жазы. Канаты тунук, кээсиники боз тор сымал жана жол-жол күрөң түстө. Дене узундугу 6— 30 ммге жетип, сырты кыска майда түктөр менен капталган. Дүйнөдө 3 миңге жакын түрү белгилүү. Ал жайкы аптапта айбанаттарды, кишини чагат. Ургаачылары гана кан сорот, эркеги гүл чаңчалары менен азыктанат. Көлмө жээгиндеги бадал, дарак жалбырагына, бутагына топ-топ кылып, чоңдугу 2 ммдей цилиндр түспөл топтошкон жумуртка таштайт. Андан личинка чыгат да, алар сууда же топуракта жашап, майда омурткасыздар менен азыктанат. Кийинчерээк ал куурчакчага, 2—3 жумадан кийин имагого айланат. Көгөөндөр жайылган малды талап, кунарын кетирет. Кишинин ишке жөндөмдүүлүгүн азайтат жана жугуштуу ылаң козгогучтарын таратат. Аларга каршы күрөшүүдө көлмөлөрдү кургатуу, жаныбарга Көгөөндөр дү качыруучу дары (мис, креолиндин 5%түү эритмесин) сыйпоо керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]