Көздөн жаш агуу

Википедия дан
Көз жашынын пайда болушу

Көздөн жаш агуу- Жаш көздү жууп, кургап кетүүдөн сактайт, түрдүү микробдордун көбөйүшүнө тоскоол болот. Ал жаш бездеринде пайда болуп, жаш каналчасы аркылуу жаш баштыкчасына чогулат, андан мурун көңдөйүнө өтөт. Жаш агууга көзгө бөтөн нерсенин түшүшү, көздүн кычыгындагы тешикче бүтөлүп, жаштын мурундун коңулуна өтө албай калуусу же жаштын көп бөлүнүүсү, жаш бөлүп чыгаруучу бездин кызматынын бузулушу, көздүн сырткы кабыкчаларынын сезгениши жана башка себеп болот. Айрым адамдар катуу суукка, шамалга, караңгы жерден өтө жарыкка чыкканда, капа болгондо, сүйүнгөндө жана башка жаш агат. Мындай учурда Жаш агуунун алдын алуу үчүн коргоочу көз айнектерди кийүү сунуш кылынат. Көздөн жаш агып токтобосо убагында врачка кайрылуу зарыл. Врач оорунун себебин таап дарылайт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8