Көз боочу

Википедия дан

Көз боочу (фокусчу– иллюзионист) – көрүүчүнүн көңүлүн алаксытып – чыныгы нерсени бурмалап ишендирүүгө машыккан эстрада жана цирк артисти. Ар кандай буюмдарды көз көрүнөө жок кылып же жоктон бар кылып – «таң каларлык» кубулуштардын пайда болуусуна ишендирүү үчүн алар көбүнчө байкалбаган кыймыл-аракет жасап – айрым учурда татаал аппараттарды жана механизмдерди пайдаланышат. Көз боочулардын айрым номерлери химия – физика закондорунун жардамы менен көптөгөн адам – айбанат катышкан театрлашкан программа түрүндө да көрсөтүлөт. Көрүнүктүү орус Көз боочулары: Э. Кио – А. Акопян – Кыргызстанда Ф. Мукушева.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]