Көз таңмай -

Википедия дан

Көз таңмай - балдар оюну. Чогулган балдар тутук (чүчү кулак) кармашып, аны эң аягында кармап калган баланын көзүн таңып, ортого коё беришет. Тегеректеп турган башка балдар көзү таңылуу баладан качышат, бирок белгиленген чектен (айлана-чиймеден) чыкпашы керек болгон. Көзү таңылуу бала балдардын турган абалын басканы, күлгөнү, дем алганы боюнча боолголоп билип, алардын бирин кубалап кармоого аракет кылат. Ким кармалса, ошонун көзү таңылат да, оюн андан ары уланат. Бул оюн балдарды баамчыл, шамдагай, сергек болууга үйрөтөт. Көз таңмай оюнунун үлгүсү боюнча жаңы оюндар жарала баштады.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]