Көйгөйлүү жагдай

Википедия дан

Көйгөйлүү жагдай – объективдүү чындыкты туюнуп кабылдоо процессинде теориялык же тажрыйбалык мүнөздөгү маселени чечүүгө байланыштуу келип чыгуучу кандайдыр бир кыйынчылыкты адамдын сезиши, ал кыйынчылыктан чыгуунун ага белгисиз болушу, ошондуктан ал жолду издеп табуу зарыл экендигине анын толук ишенип түшүнүшү. Адам өзүнө белгилүү болгон аракеттерди мурдагыдай жолдор менен аткара албай калган шарттарга туш келип, ошондуктан ал аракет кылуунун жаңы жолун издеп табууга аргасыз болгон учурларда, чыгармачылык ойлонуунун зарылдыгы келип чыгат. Мына дал ушундай шарттар көйгөйлүү жагдайды түзөт.

Адам кандайдыр бир жаңылыкты (жаңы информацияны) түшүнүп, сезимдүү кабыл алышы үчүн анда сөзсүз буга чейин да белгилүү түшүнүктөр болууга тийиш, ансыз маалымат жөнүндө ал ойлоно да албайт, башкача айтканда, адамдын ойлоосу анын билгендеринен башталат. Адамдын интенсивдүү активдүү ойлонуусу анын алдына кандайдыр бир карама-каршылыктардын келип чыгышынан, көйгөйлүү суроонун коюлушунан, адамдын бир нерсеге кызыгып таң калуусунан башталат. Көрүнүктүү физиолог И. П. Павловдун айтуусу боюнча биз – адамдар башка жаныбарлар сыяктуу эле айлана-чөйрөнүн ар кандай билинер билинбес өзгөрүшүнө назар салабыз да, өзүбүздүн көңүлүбүздү дал ошол өзгөрүү болуп жаткан багытка дароо бурабыз.


Жаныбарлар үчүн «бул эмне?» деп аталуучу ушул рефлекстин мааниси өтө зор, эгерде аларда мындай рефлекс болбосо, анда алардын жашоосу И. П. Павлов айткандай ар бир секунд сайын кылдын учуна илинип турган сыяктуу коркунучтуу болор эле. Адамдарда болсо бул рефлекс адегенде таң калуучулук менен гана чектелбестен андан ары эң алыс тереңдеп кетет да, эң акырында анын ар нерсени туюнуп-билүүгө тырышуучулугуна жана талаптануучулугуна айланат. Адамдын мындай таң калып кызыгуучулук сапаты илимди түзүүгө жана өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,