Көкбазин

Википедия дан
Gentiana verna.

Көкбазин (лат. Gentiana, L. 1753) – көкбазиндер тукумундагы өсүмдүк уруусу. Бир, көп жылдык чөп, айрымдары чала бадал. Сабагы түз, тик өйдө өсөт, түксүз. Жалбырагы сапсыз, сабакка тушташ жайгашкан, жээги тегиз, сүйрү же ланцеттей, уз. 5-10 мм. Гүлү 4-5 мүчөлүү, желекчелери биригип өсүп, түтүкчөнү түзөт, түсү көк кээде сары. Дүйнө жүзүндө 400гө жакын түрү жер шарынын бардык областтарында, негизинен түндүк жарымында кездешет. Кыргызстанда 17 түрү бөксө тоодон эң бийик тоолордогу ным жетиштүү жерлердеги бийик жана жапыс чөптүү шалбааларда, боздөңдөрдө, өзөндө, токойдун арасында жана сазда өсөт. Айрымдарынын (сары жана оливье к.б.) дарылык касиети бар. Кээ бир түрлөрү арак-шарап ишканасында да пайдаланылат. Бийик сабактуу түрлөрү гүлзарда кооздукка өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]