Көкчөтоо тоосу

Википедия дан

Көкчөтоо тоосуТүркстан кырка тоосунун түндүк тармагы. Сумбула суусунун чыгышында, Исфана өрөөнүнүн түштүгүндө кеңдик багытта 21 кмге созулуп жатат. Туурасы 6 км. Орточо бийиктиги 2200–2400 м, эң бийик жери 2583 м. Жону тайпак, капталдары аскалуу; кокту-колоттуу, жарлары бар. Девон, карбон жана силурдун кумдук, алевролит, сланец жана конгломерат тектеринен турат. Көмүрдүн кени бар. Жарым чөл, кургак талаа жана талаа ландшафттары мүнөздүү; арча токою кездешет.

Чарбачылыкта чөп чабынды, жайыт катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]