Көкүлов, Калчоро

Википедия дан

Көкүлов, Калчоро – акын. Ленин районунун (азыркы Ноокен) Сакалды айылында 1953-жылы 26-февралда туулган.

1970-жылы Токтогул районунун Үч-Терек айылындагы М.Горький атындагы орто мектепти аяктап, Нарын гидроэнергокурулуш мекемесинде иштеген. 1971–1976-ж. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде окуган.

Чыгармачылыгы мектепте окуп жүргөндө башталып, 1970-жылдан ырлары Токтогул райондук «Учкун» гезитине жарыялаган..

1977-жылдан Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинде иштеп келет.

Алгачкы «Күзгү обон» аттуу ырлар жыйнагы 1982-жылы жарык көргөн.

1991-жылдан СССР Жазуучулар союзуна мүчө.

Кыргызстан ЛКЖС БКнын Ардак грамоталары менен сыйланган.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күзгү обон: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1982. – 25 б.

Мезгил ыргактары: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1988. – 44 б.

Аптаптуу айыл: Ырлар. – Ф.: Адабият, 1990. – 63 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]