Көк-Белес мөңгүсү
Көрүнүш
Көк-Белес мөңгүсү – Түркстан кырка тоосунун чыгыш бөлүгүнүн түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Сох суусунун сол куймасы – Калай-Махмуддун алабында. Узундугу 5,6 км, аянты 3,2 км2, абляциясынын аянты 1,5 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5080 м, этеги 3120 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4100 м. Мөңгүдөн Калай-махмуд суусунун сол куймасы башталат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9