Көк-Бука

Википедия дан

Көк-Бука«Манас» эпосундагы жалгыз көздүү Мадыкандын минген унаасы. Эпостун сүрөттөөсү боюнча: Башында жалгыз мүйүзү бар,

Чоңдугу тоодой Көк-Бука

Минип алган кези экен.

Астындагы Буканын

Желгенине жел жетпейт,

Басканына мал жетпейт.

Үстүндөгү Мадыкан

Алышкан менен ал жетпейт (Саякбай Каралаев, 2. 149— 150). Саякбай Каралаевдин вариантындагы Чоң казатта жалгыз көздүү Мадыкан дөө чоңдугу тоодой К.-Б. минип май данга кирет. «Семетей» эпосунда жалгыз көздүү Мааданча жана Дыңша дөөлөр да согушта Бука минип жүрүшөт. Бул түрк-моңгол элдеринин баатырдык эпосторунда учураган салттык көрүнүш. Жалгыз көздүү дөө тибиндеги мифологиялык кейипкерлердин минген унаасы К.-Б. сыяктуу фантастикалык жандыктар (Керик, Пил) болуу түрдүү элдердин фольклорунда кеңири жолуккан белгилүү сюжеттерден. Алтайлыктардын баатырдык эпосторунда жер алдындагы дүйнөдө (тиги дүйнө) жашап, киши этин жей турган жети баштуу Делбеген (желмогуз) жана Эрлик кан дайыма жортуулдарга Бука минип чыгышат. «Манас» эпосунда сүрөттөлгөн мифологиялык К.-Б. алтай эпосторундагы жомоктук-фантастикалык Букалар менен түпкү теги жагынан бирдей түшүнүктөн жаралган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4