Көкирим

Википедия дан
Көк-Ирим‎»‎ барагынан багытталды)
Көкирим суу агымы.

Көкирим — Тогузторо өрөөнү менен аккан суу, Нарындын солкуймасы.
Фергана тоо тизмегинин түндүк-чыгыш капталынан башталат.
Узундугу 51км,алабынын аянты 1740 км2.
Жогорку агымында кууш капчыгай менен чыгышка, андан кийин өрөөнү кеңейип, түндүк тарапка агат.
Төмөн жагында салааларга бөлүнүп кетет.
Негизинен кар (25%), мөңгү (20%) жана булак (51%)сууларынан куралат.
Жылдык орточо чыгымы 22,6 м3/сек.
Эң көп чыгымы июнда, азы февралда.
Апрелде кире баштап, октябрда тартылат.
Ири куймалары: Көгарт (50км), Үрүмбашы (40км), Кекиликбел (39 км)–оң;
Казык (24 км), Байдамтал (21 км)–солкуймасы.
Негизинен сугатка пайдалан ылат.
Боюнда [Көкирим(жеткиликсиз шилтеме)], Арал, Бирдик, Атай кыштагы жайгашкан.