Көк-Ой өрөөнү

Википедия дан

Көк-Ой өрөөнүАлай-Куу өрөөнүнүн бир бөлүгү. Кайыңдыбулак суусунун алабында жайгашкан кооз өрөөн.

Бир нече майда өрөөндөн (Кайыңдыбулак, Акчуңкур, Жаркыраксуу, Чүкөтай ж-а Үчкайнар) туруп, Жалгызкатын тоосунун батыш капталынан орун алган. Уз. 20 км, туурасы 5–8 км. Таманы деңиз деңг. 2300–3200 м бийиктикте. Оң капталы тектирлүү, сол тарабы бир аз тигирээк. Палеозойдун акиташ тектеринен түзүлгөн аскалар кездешип, кооз үңкүрлөр бар. Баш жагында чер токойлуу Үчкайнар өрөөнү орун алган. Өрөөн аркылуу Кайыңды суусу агып өтөт. Көптөгөн тунук булактар, шаркыратма, бөгөттөр бар. Жайы салкын, кышы суук. Жылдык жаан-чачыны 400–600 ммдей. Кар калың түшөт. Негизинен токой (арча, кайың, четин, шилби ж. б. аралаш карагай токою) ж-а токойлуу талаа ландшафты басымдуу. Жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2