Көк-Таш көрүстөнү

Википедия дан

Көк-Таш көрүстөнү — 1-6-кылымдарга таандык археологиялык эстелик. Жумгал районунун аймагында, Кочкор — Чаек автомобиль жолунан 25—30 км аралыкта, Кара-Кече көмүр разрезине кеткен жолдун боюнда жайгашкан. Түндүктөн түштүктү карай багытталган эки таш дөбө-мүрзөдөн турат. Бийиктиги 0,25—0,9 м, диаметри 7—12 м. Байыркы убакта эле айрым мүрзөлөрдү ачып, андагы буюм-тайымдарды алып кетишкени байкалат. 1985-ж. археолог М. И. Москалёв баяндап жазган. Казып изилдөө иштери жүргүзүлгөн эмес.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]