Көк-Тумшук тоосу

Википедия дан

Көк-Тумшук тоосуЧоң Алай кырка тоосунун түндүк тармагы. Туюк-Суу жана Жанайдартак (Кызыл-Суунун сол куймалары) сууларынын аралыгын да кеңдик багытта 28–30 кмге дого сымал созулат. Туурасы 8–10 км. Орточо бийиктиги 3800–4700 м, эң бийик жери 5459 м. Кыры аска-зоокалуу жана мөңгүлүү. Капталдары тик, кокту-колоттор менен майда капчыгайлар көп. Бор жана палеоген мезгилдериндеги чопо, алевролит, кызыл түстүү кумдук, акиташ тектеринен турат. Субнивалдык суук чөл жана гляциалдык-нивалдык ландшафттары мүнөздүү.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан географиясы / Мамлекеттик энциклопедия борбору. – Бишкек, 2004. - ISBN 9967-14-006-2.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]