Көк боор

Википедия дан

Көк боор – омурткалуу жаныбарлардын жана адамдын ич көңдөйүндөгү жалкы орган. Ал ич көңдөйүндө сол жак сүбөөнүн алдында жайгашат. Кызыл жана ак пульпадан турган тыгыз капсула. Кишинин Көк боорнун салмагы 150 – 200 г. Кызыл пульпа кандын формалуу элементтери, негизинен эритроциттер менен толгон; ак пульпа лимфа тканынан пайда болуп, лимфоциттерди иштеп чыгарат. Көк боор кан пайда кылууга жана жөнгө салууга катышат; бузулган эритроциттер, микроорганизмдер ж. б. канга түшкөн бөтөн заттарды кармап, коргоо функциясын аткарат. Андан сырткары Көк боор кан жана гемоглобин резервуары болуп эсептелет. Организмде кандын формалуу элементтери тынымсыз бузулуп турат, ошондуктан кан пайда кылуучу органдардын негизги функциясы — кандын клеткалуу элементтерин үзгүлтүксүз толуктап туруу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]