Көк жөтөл

Wikipedia дан
Көк жөтөл менен ооруган бала

Көк жөтөл ( фр. coqueluche; лат. Pertussis)— балдардын катуу кармама жугуштуу дарты. Айрым учурда чоң кишилер да ооруйт.

Ооруду козготкучтар[оңдоо | булагын оңдоо]

Оору башталгандан бир айга чейин жугуштуу болот. Козгогучу — бактерия. Көк жөтөл оорулуудан жөтөлгөндө, чүчкүргөндө абага тараган чачырандылар аркылуу жугат. Козгогучтун байымсыздыгынан буюм-кече аркылуу (мисалы, оюнчук же идиш-аяк) сейрек жугат.

Оорудун өнүгүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Инкубациялык (жашыруун) мезгили 2 —15 (көбүнчө 5—7) күн. Көк жөтөл адатта 6—7 жумага созулат: жөтөлүп, айрым учурда эти бир аз ысып, мурду бүтүп башталат. Жөтөл бара-бара, айрыкча түнкүсүн күчөйт. 2—3-жумада көгөрүп, эрип жөтөлөт, кусуп да жиберет.

Бул мезгил 2 жумадан 2 айга (сейрек) чейин создугат. Андан соң жөтөл басаңдайт, приступ сейрек кармап, жеңилирээк өтөт, оорулуу айыга баштайт. Оору 5тен 12 жумага чейин созулат. Үч жашка чейин жана ден соолугу начар балдарда кээде бронхит, өпкөнүн сезгенүүсү коштойт. Айрым учурда дарт эрип жөтөлткөн приступсуз өтөт (айрыкча чоң кишилерде жана эмделген балдарда), бирок мындай оорулуулар оору таратат. Эгер бала тынбай жөтөлсө аны догдурга көрсөтүү зарыл. Көк жөтөлдү өз убагында аныктоо үчүн догдурга көрсөтүү зарыл. Оорулуу бала менен жолуккан 7 жашка чейинки балдарды андан бөлгөндөн кийин ал 14 күн, эгер оорулуу бала менен чогуу жүрсө (бөлүнбөсө) 25 күн балдар мекемесине алынбайт. Сыркоо баланы шаардык транспортто алып жүрүүгө болбойт. Оору башталгандан 30 күнгө чейин жугуштуу деп эсептелет.

Дарылоо[оңдоо | булагын оңдоо]

Оорулуунун таза абада көп болушу дартты жеңилдетет: жайында күн бою, кышында абанын температурасы — 10°Сде 4—5 саат эшикте болуусу сунуш кылынат. Оорулуу жаткан бөлмөнү жакшылап шамалдатып туруу керек. Аны аз-аздан, тез-тез (күнүнө 10 жолу) тамактандырат. Жагымдуу жана майдаланган тамак-аш (сорпо, үбөлөнгөн быштак, бышырылып эзилген жашылча, майда тууралган эт жана башка) берилет. Кызыктуу оюн, оюнчуктарга алаксыган балада приступ аз болуп, жеңил өтөт. Ата-эне жөтөл кармаганда корккон кебетеси менен баланы чочутпай, өздөрүн токтоо кармоого тийиш; жаш баланы колго көтөрүп, чоңураагын отургузуп, жөтөл катуу кармаганда башын жөлөп туруу керек.

Дарт айыкканча бала догдурдун көзөмөлүндө болот. Оорулуу айыккандан кийин атайлап дезинфекциялоонун зарылдыгы жок, бөлмөнү желдетип, жакшылап жууп, тазалоо жетиштүү. Көк жөтөлгө каршы эмдөө баланы андан сакташы ыктымал, эгер ооруп калса жеңил өтөт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8