Көк кан тамырлар

Википедия дан

Көк кан тамырлар — денедеги бардык органдар менен ткандардан чогулган канды жүрөккө алып баруучу кан тамырлар. Алар эң эле ичке капиллярдан (венула) пайда болот. Веналар улам биригип отуруп, орто жана жоон кан тамырларга айланат. Акыры дененин төмөнкү бөлүгүнөн кан жыйноочу көк кан тамырлар төмөнкү көңдөй, жогорку бөлүгүнөн кан жыйноочу кан тамырларды жогорку көңдөй кан тамырлары деп аталат. Ал эми тамак сиңирүүчү органдардан (карын, уйку бези, он эки эли ичеги, ичке жана жоон ичеги, көк боор) кан чогулткан вена боорго куят да, дарбаза Венасы деп аталат. Боорго агып келген бул канды боор клеткалары ар түрдүү микробдордон жана уулуу заттардан тазалайт.

Веналар бардык ткандар менен органдардан чогулган көмүртек кычкылына бай, ткандар менен органдар бөлүп чыккан керексиз заттарга каныккан канды жүрөктүн оң дүлөйчөсүнө куят (кан айлануунун чоң тегереги). Бул кан жүрөктөн өпкөгө келет да, дем алуу убагында өпкө исиркектеринде кычкылтекке каныккан бул кан кайрадан төрт өпкө кан-тамырлары аркылуу жүрөктүн сол дүлөйчөсүнө куят (кан айлануунун кичине тегереги).

Кан-тмырдын капталы артериялардыкына караганда чоюлчаак, булчуң жипчелери аз. Ошондуктан кан-тамырлар артерияга караганда чоюлгуч келип, анын ичине кан эки эсе көп батат.

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8