Көк карга сымалдар

Википедия дан
Ceyx azureus.

Көк карга сымалдар (лат. Coraciiformes) — куштардын түркүмү. Бул түркүм бир кыйла айырмаланган топту камтыйт. Филогенез жагынан күкүк сымалдарга жана байкуш сымалдарга жакын. Куш жүнү катуу, ачык түстө, көпчүлүк учурда күмүштөй кулпунуп турат. Анын 49 уруусу, 194 түрү бар. Негизинен тропикте жана субтропикте жашайт; мелүүн кеңдикте чанда кездешет, келгин куш. Көз Карандысыз мамлекеттер шериктештиги өлкөлөрүндө 11 түрү бар, анын ичинде 6—8 түрү уялайт. Көк карга сымалдар көбүнчө сейрек дарактуу жерде, бир азы талаада, чөлдө жашайт. Моногамдар. Уяларын көңдөйгө, аска жаракаларына же ийинге салат; кээ бири колония түрүндө уялайт. Балапандарын ургаачы, эркеги экөө тең басып чыгарат. Балапаны жылаңач, көзү ачылбай чыгат, жай чоңоёт. Негизинен жаныбарлар менен азыктанат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]