Көк кийимчен аскерлер

Википедия дан

Көк кийимчен аскерлер«Манаста» жоокерлердин кийимдери көпчүлүк учурда «көк» деп көрсөтүлөт. «Көк темирден туулга, Төбөсүндө жаркылдап», же «Жалаң темир торгой көз, көк темир зоот кийгизип» (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 550-инв., 168, 196-б.). Бул кийимдин өңү-түсүн белгилебестен диний түшүнүктөн келип чыккан болуу керек. Эң байыркы түрк урууларынын арасында кеңири тараган «Көк теңирге» сыйынуу «Манас» эпосунда да учурайт. «Төшү түктүү жер урсун, Төбөсү ачык көк урсун». Бул жердеги «көк» деген өң-түстү туюндуруучу экинчи мааниси асмандын өңү-түсүн айтып жатат. Ыйык көрүшкөн «көк» деген термин элдик оозеки чыгармаларындагы окуяларга, аталыштарга кирип кетиши закондуу көрүнүш.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4