Көк сүт

Википедия дан

Көк сүт — сүт сепаратору (сүт тарткыч) аркылуу каймагынан ажыратылган сүт. Мындай сүттө 3,2% белок, 4,8% сүт канты, 0,05% май, 0,7% минерал заттар бар. Андан кургак же коюлтулган сүт, уй кымыз, быштак, ацидофилин, кефир ж. б. азык даярдалат. Жаш малга да берилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]