Көлбаев Кусеин

Википедия дан

Көлбаев Кусеин (25. 11. 1908, Россия империясы, Пишпек уезди, азыркы Чүй облусу, Аламүдүн району, Көк-Жар айылы – 18. 02. 1981, СССР, Кыргыз ССРи Фрунзе шаары) – көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер. Кыргыз ССРинин эл чарбасынын автожол тармагын түзүүчүлөрдүн бири. Калинин (Тверь шаары) педагогикалык (1930) жана Ленинград жол жана катнаш (1935) институттарын бүтүргөн. 1935–38-жылдары «Памиркурулушта» инженер-прораб, жол курулуш участкасынын башчысы, Фрунзе – Ош автожол куруу башкармасынын өндүрүш-техникалык бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 1938-ж. Кыргызстан КП БКнын 2-секретары, 1939–43-жылдары Автомобиль транспорт эл комиссары. Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Советинин төрагасы (1943–47), Кыргыз ССР Айыл чарба министринин 1-орун басары (1947–48), Коммуналдык чарба министри (1948–53), Автомобиль транспорт жана шоссе жол министри (1953–71) болуп эмгектенген. К. Көлбаев жетектеген мезгилде Фрунзе – Ош, Фрунзе – Каракол ж. б. көптөгөн автомобиль жолдору, Бишкектеги чыгыш автобекети, Кыргыз жол транспорт долбоорлоо институту, Кыргыз жол-транспорт жана шоссе жолдор министрлигинин имараты ж. б. ири курулуштар бүткөрүлгөн. 1971-жылдан өмүрүнүн акырына чейин республиканын Автожол министрлиги тармагында иштеген. Ал Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1959, 1963, 1967) болуп шайланган. Бишкек автожол окуу жайына, Бишкек шаарынын бир көчөсүнө, Бишкек – Ош жолундагы Төө-Ашуудагы тешкен тоого (тоннелге) К. Көлбаев дин ысмы ыйгарылган. 4 Эмгек Кызыл Туу, 2 «Ардак белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]