Көлөкө кабинет

Википедия дан

Көлөкө кабинет - Парламент» системанын шартында, башкаруучу партияга карата оппозициянын турган партиянын мүчөлөрүнүн ичинен дайындалган министрлер кабинети.

Эгер Парламент тарабынан дайындалган официалдуу орган аткаруучу бийлик - министрлер кабинети - башкаруучу партиянын лидери аркылуу түзүлсө, анда структурасы боюнча ушул официалдуу органга окшош, бирок официалдуу эмес өкмөт - Көлөкө кабинет оппозициядагы партиянын лидери тарабынан түзүлөт. Официалдуу кабинет менен Көлөкө кабинеттин ишмердүүлүктөрүнүн ортосундагы негизги айырмачылыктар төмөнкүчө: официалдуу кабинет башкаруучу партия иштеп чыккан саясатты турмушка ашыруунун үстүндө конкреттүү ишмердүүлүктү жүргүзөт, ал эми Көлөкө кабинеттин максаты - парламенттеги дебаттардын жүрүшүндө башкаруучу, официалдуу кабинеттин ишмердүүлүгүн сындоо, башкаруучу партиянын саясатынын туура эмес экендигин көрсөтүү болуп эсептелет. Ушундан улам башкаруучу кабинеттин символун - «иш», ал эми Көлөкө кабинеттин символу - «сөз» деп эсептесе болот.

Көлөкө кабинеттин министрлери официалдуу саясаттан айырмаланып турган өздөрүнүн саясатын иштеп чыгышат, саясий күрөштүн тажрыйбасына ээ болушат, көлөкө министрлердин кызматында өздөрүн көрсөтүшөт. Кийинки шайлоолордо бийликке келгенде оппозициялык партиянын сыноодон өткөн аткаруу бийлигинин структурасы болот. Мис., Улуу Британиянын мурунку премьер-министри М.Тетчер өзүнүн саясий лидерлик карьерасын 60-жж. аягында консерваторлор партиясы оппозицияда жүргөн мезгилде Көлөкө кабинеттин мүчөсү катары баштап, андан кийин официалдуу кабинетте билим берүү жана илим министри жана оппозициядагы партиянын лидери, 1979-90-жж. башкаруучу кабинеттин премьер-министри болуп иштеген. Британ парламентинде «Суроолордун сааты» деген иш-чара бар, ал учурда өкмөттүн мүчөлөрү Көлөкө кабинеттин мүчөлөрүнүн катышуусу астында оппозициянын суроолоруна жооп беришет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8