Көлөм

Википедия дан

Көлөм – геометриялык нерсенин сандык мүнөздөмөлөрүнүн, негизги чоңдуктарынын бири. Мисалы, тик бурчтуу параллелепипеддин Көлөмү анын жактарынын узундуктарынын (узуну, туурасы жана бийиктиги) көбөйтүндүсүнө барабар. Турмушта керектелүүчү жөнөкөй нерселердин Көлөмүн эсептөө геометриянын өнүгүүсүнө түрткү болгон. Байыркы египеттиктер, вавилондуктар Көлөмдү эсептөөдө эмпирикалык эрежелерди колдонушкан. Евклид («Негиздер») менен Архимеддин эмгектеринде цилиндр, конус, шар жана анын бөлүктөрүнүн Көлөмүн эсептөөчү формулалар болгон. Азыр нерсенин Көлөмүн эсептөөгө пределдер теориясы колдонулат. Нерсенин пределдик Көлөмү анын Көлөмүн берет. Нерсенин Көлөмү интеграл эсептөөлөру менен так берилип, V менен белгиленет. Ар кандай нерсенин Көлөмү төмөнкү формула менен аныкталат: V =\\\ dxdydz, мында (х, у, г) мейкиндиктеги Декарт координата системасы. Көлөм көптүктөрдүн чен түшүнүгүндө жалпыланат. Ченге ээ болбогон көптүк ченемсиз деп аталат. Туура айтып жатат

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]