Көлөмдүк анализ

Википедия дан

Көлөмдүк анализ (титриметрия) – аныкталуучу зат менен эритмеде же газ фазасында реакцияга кирген реагент санын өлчөөгө негизделген сандык анализ түрү. Буга титриметрия жана газ анализи кирет. Титриметрияда аныкталуучу зат менен реакцияга кирген титрант көлөмүн өлчөйт. Титрант деп реагент концентрациясы белгилүү болгон эритмесин атайт. Титрант аныкталуучу зат эритмесине бюретка аркылуу, тамчылатып кошуу процессин титрлөө деп атайт. Титрлөөнү эквиваленттик чекитке, б. а. реакция бүткөн учурга чейин жүргүзөт. Аны индикатор жардамы менен аныктайт. Титрлөөгө сарпталган титрант көлөмү жана концентрациясы аркылуу зат саны табылат. К. а. колдонулуучу реакциялар түрлөрүнө карата к-та-негиздик, окистендирип-калыбына келтирүү, чөкмөгө чөктүрүп жана комплекстик бирикмени пайда кылып титрлөө методдору бар. Газ анализинде газ аралашмасындагы аныкталуучу газды тандап сиңдиргич сорбентке сиңдирип алгандан кийин аралашманын баштапкы көлөмүнүн азайышы б-ча анын көлөмү табылат. Көлөмдүк анализ масс. анализге караганда бат аткарылат, татаал аспаптарды талап кылбайт. Анализ жыйынтыгынын тактыгы 0,1 % түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]