Көлөп

Википедия дан

Көлөп (тажикче Куляб) — топоним. Сагымбай Орозбаков вариантында жана башка манасчылардын варианттарында кыргыздар мекендеп келген жерлердин бири катары көп эскерилет. Мисалы, Көкөтөйдүн ашында Бокмурун атасын көмгөнү элге кабар жиберип «Аягы Ысар, Көлөптү, Башы Жызак, Жөлөктү, Кабар берип баарысын» (Сагымбай Орозбаков, 3. 43) чакыртканда айтылат. К. эпоско 1635 —36-ж. кыргыздардын бир бөлүгү Ысар, К-кө келгенде (к. Ысар) кирип калган. Анткени, бул жылы Махмуд ибн Валинин «Бахр ал-асрар» аттуу кол жазма чыгармасындагы маалыматка караганда 12000 түтүн кыргыз К. менен Ысарга кыш мезгилде келген. Азыркы кезде ошол келген кыргыздар Тажикстанда , көпчүлүгү Ооганстан менен Пакистанда Памир тоолорун жердеп турушат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4