Көл-Төр мөңгүсү

Википедия дан

Көл-Төр мөңгүсү, Анастасия мөңгүсү – Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 4,9 км, аянты 6.8 км2. Кегети суусунун (Чүй дарыясынын алабы) оң куймасы – Көл-Төрдүн төрүнөн орун алган. Башы 4330 м, этеги 3420 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 3980 м, абляциясынын аянты 3.8км2 . К.-Т. м. Кыргыз Ала-Тоосундагы моренанын («төө карындын») астында кыймылсыз жаткан ири мөңгүлөрдөн. Анын «тилин» 3 кмге чейин морена каптап калган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]