Көл таануу

Википедия дан

Көл таануу, лимнология — кургактыктагы көлмөлөрдү (көл, суу сактагыч ж. б.) изилдөөчү илим. Көл чанактарын изилдөөдө гидрология, гидробиология, гидрохимия, гидрофизика, геоморфология ж. б. илимдердин ыкмалары колдонулат. Көл таануу . илими көл чанактарынын түзүлүшүн жана өнүгүшүн, формасын, өлчөмүн, пайда болушун, көл түпкүрүндөгү чөгүндүлөрдү, суунун физикалык жана химиялык касиеттерин, алардын курамын жана өнүгүшүн, гидрол. режимин (суу балансы, термелүү деңгээли, толкундоосу, агымы, чайпалышы), муз кубулуштарын, гидрохимиялык өзгөчөлүктөрүн, өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүн изилдейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]