Көл чөкмөлөрү

Википедия дан

Көл чөкмөлөрү – чөкмө тектердин көл түбүнө чөккөн катмарлары. Пайда болушу боюнча механикалык (майда, орто, кесек, сай таш, кум, чопо), химиялык (бор, мирабилит, таш туз, гипс, акиташ, сода ж. б.), оргоникалык (чым көң, сапропель, диатомит, дары баткактар ж. б.) түрлөргө бөлүнөт. Туздуу жана тузсуз чөкмөлөрдөн турат. Тузсуз көлдөрдүн чет тарабынан механикалык чөкмөлөр (түрдүү чоңдуктагы таштар, кумдар), орто жеринен чопо, мергель орун алат. Булардын арасында өсүмдүктөр менен жаныбарлардын калдыктары кездешет. Көл соолуй баштаганда жээктеринде чым көң, ортосунда сапропелит ылайы пайда болот. Туздуу, шордуу көлдөрдө химиялык чөкмөлөр чөгөт. Көлдөр ар түрдүү (мөңгү, карст көлдөрү ж. б.) болгондуктан, пайда болгон чөкмөлөрү да түрдүүчө. Климаттык шарт (ариддик же гумиддик) ар түрдүү чөкмөлөрдүн пайда болушуна алып келет. Көл чөкмөлөрү талкаланган тектердин кесектиги боюнча иргелиши, анчалык калың эмес катмарланышы, кээде линза түрүндө орун алышы менен айырмаланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]