Көмүрдү газга айландыруу

Википедия дан

Көмүрдү газга айландыруу – жердин тереңдигиндеги эркин же бирикме түрдөгү кычкылтектин жардамы менен көмүрдү газга айландыруучу физикалык-химиялык процесс. Кабыл алынган система тоо-кен-геологиялык шартка жараша тик, жантайыңкы, жантайыңкы-түз көзөнөктөрдөн турат. Көмүр катмарында көзөнөктөрдү пайда кылуу үчүн чыпкалуу бургулоо же суу менен катмарды талкалоочу көзөнөк талап кылынат. Көзөнөктөрдө реакция аймагы түзүлөт. Ошондон кийин гана акырындык менен газга айландыруу иши башталат. Иш үйлөтүү жолу менен жүрөт. Катмарлардагы көзөнөктөрдө жүрүүчү химиялык реакция газ генераторунда жүрүүчү процесске окшошуп кетет. Көмүрдү газга айлантканда, реакция аймагы орун которуп жылып турат. Too басымынын таасиринен үстүнкү тоо тектер басырылат. Анан газга айланган бош аянтты басып калат. Натыйжада көмүрү газга айланган жердин өлчөмү менен түзүлүшү көпкө чейин туруктуу болуп турат. Мында технологиялык система эки түрдө жүрөт: биринчиси тирөөч тараптагы газ топтолгон боштуктар аркылуу газды үйлөтүп чыгаруу; экинчиси газ топтолгон боштуктан тирөөчтү көздөй газды үйлөтүп чыгаруу. Үйлөтүп чыгарылган газдын төмөнкү жылуулугу 3,25 МДж/м3, кычкылтекке байытканда (60-65%) же кычкылтектин буусу менен үйлөгөндө 7,6 МДж/м3 . Газ химиялык курамы боюнча аммиак менен көмүрлүү суутекти синтездөөгө жарактуу. Көмүрдү газга айлантып отун өндүрүү иши шахта натыйжасыз болгон учурда гана жүргүзүлөт. К. г. а. ыкмалары АКШда, Германияда, Японияда ишке ашууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]