Көмүскө эс

Википедия дан

Көмүскө эс (орус. Предрассудок) – 1) Сөзмө сөз маанисинде эске (орус. Рассудок) чейинки ойлонулбастан туруп, сын көз карашсыз кабыл алынган пикир;
2) Коомдук жана жеке аң-сезимдеги ырымчылдык, туура эмес, тескери ойго ишендирүү (орус. Предубеждение) сыяктуу иррационалдык компоненттер;
3) Кандайдыр бир кубулушка карата тескери, жагымсыз маанайдагы тажрыйбада текшерилбеген, далилдөөлөргө негизделбеген стереотиптүү жана эмоциялуу боекторго каныккан социалдык көрсөтмөлөр (орнотуу). Алар абдан туруктуу мүнөзгө ээ. Өзгөчө туруктуу көмүскө эс болуп улутчулдук жана расалык бөлүп-жаруулар эсептелишет.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8