Көпрүлү Мехмет Фуат

Википедия дан

Көпрүлү Мехмет Фуат (1890-1966 жж) түрк тарыхчысы, адабиятчысы жана саясатчысы. Фуат Көпрүлү 1890-ж. 4-декабрында Стамбулда жарык дүйнөгө келген. Ал атактуу осмон садразамы Көпрүлү Мехмет Пашанын урпактарынан болгон. Мектепти тарых жана адабиятты тереңдетип үйрөнүү үчүн таштап салган. 1909-ж. Феджр-Ати аттуу адабий уюмга мүчө болуп кирет. Анын жазган ырлары 1913-ж. чейин Мехасин Сервати-Фунун журналына жарыяланып турган. 1910-ж. тартып бир катар мектептерде түрк тили жана адабият сабактарынан дарс окуган. Фуат Көпрүлү байыркы түрк тарыхын жана адабиятын изилдеген. 1913-ж. Стамбул университетининде “түрк адабиятынын жана тарыхынын профессору” илимий даражасын алган. Ушул жылы “Билги” журналына түрк адабияты кандай усул менен изилдениши керек деген маселени ортого койгон, “Түрк адабияты тарыхынын усулу” аттуу макаласы жарык көргөн. Анын алгачкы чоң эмгеги “Түрк адабиятында алгачы Мутасаввыфлар” эле. 1923-ж. “Түрк тарыхы” аттуу китеби жарык көрдү. 1925-ж. “Туркият” журналын чыгара баштаган. 1928-жылы Түрк тарыхы кеңешинин жетекчиси болуп дайындалган. 1931-ж. “Түрк укук тарыхы” журналын чыгара баштаган. 1932-1934 жж. “Диван адабиятынын антологиясын” чыгарган. 1933-ж. чейин Стамбул университетинде иштеген. 1934-ж. саясатка аралашып, Карс шаарынан Милли Межлиске депутат болуп шайланган. 1935-ж. Парижде Түрк таануу борборунда “Осмон имераторлугунун курулушу” аттуу китеби жарыяланып, коомчулукта кызыгууну жараткан, Гейдельберг, Сорбонна, Афины университеттеринин доктору даражасына ээ болгон. 1941-ж. кийин “Ислам энциклопедиясын” чыгаруу иштерине жигердүү катышкан. Саясатчылар Желал Байар, Аднан Мендерес жана Рефик Коралтандар менен биргеликте Демократиялык партия түзүштү. Демократтар партиясы шайлоодо жеңишке жетишип, бийликке келгенден кийин, өкмөттө 1965-ж чеийн тышкы иштер министри болуп иштеген. Фуат Көпрүлү Түркиянын НАТОго мүч болуп кирүүсүнө оз салымын кошкон. 1500 дөн ашуун илимий, илимий-популярдуу эмгектерди жазган Ф.Көпрүлү 1966-ж. Стамбулда көз жумган.

Негизги эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Türk Tarihinin Ana Hatları (1931)
  • Erzurumlu Emrah (1929)
  • Edebiyat Araştırmaları (1966)
  • Ali Şir Nevayi (1941)
  • Bizans Müesseselerinin Osmanlı Müesseselerine Tesri (1981, ölümünden sonra)
  • Demokrasi Yolunda (1964)
  • Les Origines de L'Empire Ottoman (Paris, 1935)
  • Fuzuli Hayatı ve Eserleri (1924)
  • Türk Tarih-i Dinisi (1925)
  • Malumat-i Edebiyye (1915)
  • Türk Dilinin Sarf ve Nahvi (1917)
  • Mektep Şiirleri (3 Cilt)
  • Yeni Osmanlı Tarih-i Edebiyatı (1916)
  • Türk Edebiyatında İlk Mutasavvıflar (1919-1966)
  • Nasrettin Hoca (1918-1981)
  • Türk Edebiyatı Tarihi (1920)
  • Türkiye Tarihi (1923)
  • Bugünkü Edebiyat (1924) (Makale)
  • Hayat-ı Fikriye (Makale) (1909)
  • Azeri Edebiyatına Ait Tetkikler (1926)
  • Milli Edebiyat Cereyanının İlk Mübeşşirleri ve Divan-ı Türk-i Basit (1928)
  • Türk Saz Şairleri Antolojisi (1930-1940, üç cilt)
  • Türk Dili ve Edebiyatı Hakkında Araştırmalar (1934)
  • Anadolu'da Türk Dili ve Edebiyatı'nın Tekamülüne Bir Bakış (1934)
  • Osmanlı Devleti’nin Kuruluşu (1959)
  • Edebiyat Araştırmaları Külliyatı (1966)
  • İslam ve Türk Hukuk Tarihi Araştırmaları ve Vakıf Müessesesi (1983, ölümünden sonra)
  • Divan Edebiyatı Antolojisi
  • Türk Saz Sâirleri Antolojisi
  • Türk Edebiyatı Târihi I-II
  • Tevfik Fikret ve Ahlakı (Kanaat Matbaası, 1918)
  • Milli Kıraat (Ders kitabı-Kanaat Kütüphanesi sahibi İlyas, 1915 )

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015